• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аймактарды өнүктүрүү: Жумгал районунда 55 жыл мурда курулган дан эгиндерин сактоочу кампа оңдолду

Аймак 0

Нарын облусу, 14.08.19. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылында 600 тонна дан эгиндерин сактоого ылайыкташтырылган кампаны биринчи ирет оңдоп-түзөөдөн өткөрүшкөн.

Айыл өкмөттүн башчысы Рахатбек Жумуковдун айтуусунда, объектти АРИС уюмунун жардамы менен оңдоодон өткөрүшкөн. "Жалпы сметалык суммасы 2 млн. 600 миң сомду түзөт. Айыл башкармалыгында жалпысынан 320 гектар иштетилген жер бар. Айылдыктар негизинен жүгөрү, буудай жана арпа эгишет", - деп билдирди ал.

Кампа 1964-жылы салынып, ошол мезгилден бери бир да ирет оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.

"Айыл тургундары мурда эле кампаны оңдоп, дан тазалоочу жабдык орнотуп берүүнү суранышкан болчу. Быйыл АРИС уюмунун каржылык колдоосу менен кампаны оңдоп, керектүү жабдыкты алдык", - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий