• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

“Дордой” базарындагы соодагерлерди алдап жүргөн өзбек жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы бир катар алдамчылык фактыларына шектүү жаранды кармаган.

Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 20-июль күнү “Дордой” базарынын А.М., аттуу ишкери арыз менен кайрылган. Анын айтуусу боюнча, азият улутундагы 35-40 жаштагы адам кардар катары келип, ишенимге кирип, жалпы суммасы 81 миң сомду түзгөн товарды алып, качып кеткен.

Ошондой эле Свердлов райондук милиция бөлүмүнө дагы бир ушундай кайрылуу түшкөн. Маалыматта, 1-август күнү белгисиз бир адам “Джунхай” базарынын ишкери А.А., ишенимине кирип, 148 миң 880 сомдук товарды алып, белгисиз жоголгон.

Бул фактылар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө ишинин жыйынтыгында кылмышка шектүү делген 1984-жылкы А.А., аттуу Өзбекстандын жараны кармалган.

"Кармалган жарандын бир нече алдамчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды. Сүрөттөгү жарандын колунан жабыр тарткандар төмөнкү номерге байланышыңыздар: 0(550) 102 872, 0(554) 001 200 жана “102” кызматы", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий