• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта адамдарды бычак менен коркутуп, телефондорун тартып алган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Таласта адамдарды бычак менен коркутуп, телефондорун тартып алган жаран кармалды. Бул туралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 28-мартта Талас районунун Калба айыл өкмөтүнө караштуу таштанды таштоочу жерде иштешип, жашаган 2 жаран милицияга кайрылып, түндө жашы 35-40 жаштагы бейтааныш адам уктап жаткан бөлмөнүн терезеси аркылуу кирип, колундагы бычагы менен коркутуп К.Д.га жана С.А.га таандык уюлдук телефондорун алып кеткендигин билдиришкен.

Аталган факт райондук милицияга каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси ("Каракчылык") менен кылмыш иши козголгон.

Талас РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык инспекторлору тарабынан иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү Талас облусунун Манас районунун Көк-Дөбө айылынын 41 жаштагы Д. Р. аттуу жаран экендиги жана кылмышка барган учурда мас абалда болгондугу аныкталып, шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда соттун чечими менен облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий