• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ибраимов менен Кулматовдун иши: Сот Касымбеков сотту четтетүү өтүнүчүн канааттандырган жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.03.19 /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши боюнча соттук процесс улантылды.

Белгилей кетсек, айыпталуучулардын адвокаттары сотту иштен четтетүүнү суранышкан.

Дээрлик эки сааттык кеңешмеден кийин сот Касымбеков сотту четтетүү өтүнүчүн четке какты.

Айыпталуучулар иш менен тааныша электигине байланыштуу соттук процесс 27-мартка жылдырылды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын экс-мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов, шаар мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы С.О. жана алар менен байланышкан жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. 303-берене ("Коррупция") боюнча айыпталышууда.

Пикир

Оставить комментарий