• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талас облустук лицейинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Талас облустук лицейинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облустук прокуратурасы тарабынан Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Талас облустук лицей комплексинде текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө, лицейдин жооптуу кызматкерлери 2019-2023-жылдар аралыгында кызматтын кызыкчылыктарына каршы кыянаттык менен пайдаланып, белгиленген айлык акыдан сырткары 1 млн 662 миң 337 сом акча каражатын эмгек акыны эсептөө китебине киргизбестен, өздөрүнүн банктык карталарына мыйзамсыз которуп алышкандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-Жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүү Талас ОИИБине тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий