• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Абылгазиев кесиптеши Арипов менен сүйлөшүп, гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Бүгүн 2-апрелде, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Анда эки тараптуу өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап Өзбекстандын коронавирус инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүгө көрсөткөн колдоосун жогору бааларын белгилеп, өзбек тарапка берген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

2-апрелде Ош облусуна Өзбекстандан 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргоочу костюм, бир жолу колдонулуучу № 95 респиратордон 2000 даана, 20 000 кол кап, 500 коргоочу көз айнек, 200 даана медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы, ошондой эле аларга тийиштүү болгон реагент жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий