• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Өкмөт өнөр жай ишканаларынын санын көбөйтүүнү көздөйт

Өкмөт 0

Бишкек, 21.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өнөр жай ишканаларынын санын көбөйтүүнү көздөйт, анткени бул чөйрө – ар бир мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнүн локомотиви. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсынын иши менен таанышкан учурда билдирди.

Өкмөт башчыга завод банкрот болуу алдында турганын жана бүгүнкү күндө ишкана толук кубаттуулукта иштетилбей жатканын айтышты.

Заводдон 40 түрлүү лампа чыгарылат, негизинен жакынкы чет өлкөлөргө экспорттолот.

Ишкананын продукциялары сертификациядан өткөн, ИСО 9001:2008 жана ИСО 9001 эл аралык стандарттарынын талаптарына жооп берет. Бирок башка өлкөлөрдөн келген буга окшогон продукциялардын агымы чоң болгондуктан, ата мекендик продукцияга болгон суроо-талап аз болууда. Ишкананын жетекчилиги айнек идиштерди өндүрүүнү түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолу катары көрүүдө. Бул үчүн заводду жалпы наркы 300 млн сом болгон кошумча жабдуулар менен жабдуу керек.

«Биз буга чейин ушул заводдун кичине лампаларын колдончубуз. Ишкана шаарларды түзүүчү болуп саналат, көңүл бурууну талап кылат. Бул жерге жакшы инвестор же каржылоо керек. Биз бул же тигил ишкананы жабуу жөнүндө ойлонбошубуз керек. Тескерисинче, эскилерин жандандырып, жаңы завод жана фабрикаларды ачуубуз зарыл. Өнөр жай – бул экономиканын кыймылдаткычы. Ошондуктан ишкананы колдоо маселесин карап чыгуу керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ишкананын мындан ары иштөөсү үчүн зарыл каражаттар издештирилерин белгиледи.

«Мындай өндүрүш объектилери жалпы өлкөнүн гана эмес, өздөрү иштеген аймактын дагы өнүгүүсүнө салым кошот. Мындай ишканаларда жүздөгөн, ал тургай миң адам иштейт. Эгер биз ата мекендик өнөр жайды кайрадан жандандырууну жана эмгек миграциясын кыскартууну кааласак мындай ишканаларды колдоого алуубуз зарыл», - деп белгиледи Премьер-министр.

Өкмөт башчы кыска мөөнөттүн ичинде «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсын каржылоо жолун карап чыгууну жана аны жүзөгө ашыруу боюнча сунуш берүүнү тапшырды.

Учурда «Майлуу-Суу лампа заводу» ЖЧКсынын жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 300 млн даана электр лампасын түзөт, бир жарым миң киши иштейт. Жаңы цехтердин ачылышы менен жумушчу орундардын саны эки миңге жетет.

Пикир

Оставить комментарий