• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда метро курулушундагы кырсыкка байланыштуу кылмыш иши козголду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.12.19. /Кабар/. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкенттеги метро курулушундагы алты жумушчунун өлүмү боюнча тергөө иштерин баштады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар мекеменин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Хаёт Шамсутдиновго шилтеме кылып билдиришти.

Маалыматка караганда, прокуратура тарабынан «Адам өлүмүнө алып келген эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу» жана «Курулуш эрежелерин бузуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан каза болгондор Кашкадарыя жана Самарканд облустарынын 20 жаштан 38 жашка чейинки курактагы тургундары экенин билдирген. Бүгүн алардын үчөөсү бир айылдан экени жана сөөктөрү 19-декабрда Кашкадарыя облусунда жерге берилгени кабарланды.

Кырсык 18-декабрда Ташкенттин Юнусабад районундагы метро линиясы курулуп жаткан жерде болгон. Курулуш аянтчасында 250 метр куб топурак урап түшүп, жумушчуларды басып калган.

Пикир

Оставить комментарий