• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев окуу китептерине карата сын айтты

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында окуу китептерине карата сын айтты.

Ал билдиргендей, мектеп окуучулары колдонгон китептер сапатсыз сыр (боек) менен боелгон учурлар болгон.

“Биз китептердин мазмуну эмес, грамматикасы менен байланышкан маселени чече албаган учурлар бар”, - деди ал.

Премьер-министр китептердеги, күбөлүктөрдө болгон каталарды сынга алып, маселе чечилбесе Билим академиясын жоюу, Билим берүү министрлиги жана министрдин ишмердиги боюнча маселе карала турганын белгиледи.

Гүлмира Кудайбердиева билдиргендей, окуу китептерде кетирилген каталар үчүн Академиянын жана министрликтин кызаткерлери жоопко тартылган. Ошондой эле министр, окуучулардын ата-энелери айрым учурда көчүрүлмө китеп сатып алып жатканын айтты.

Пикир

Оставить комментарий