• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев «Сосновка» постундагы салмак көлөмдүк контролдоо пунктунун ишин көзөмөлдөөнү күчтөндүрүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 20-июлда, Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Бишкек–Ош унаа жолундагы «Сосновка» постунун иши менен таанышты, учурда мында төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук тутуму пилоттук режимде иш алып барууда. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, постто датчиктер, видеокөзөмөлдөө камералары жана пост аркылуу өтүп жаткан транспорт каражаттары тууралуу маалыматтар жөнөтүлүп турган борбордук сервер менен интеграциялашкан тийиштүү программалык камсыздоолор орнотулган.

Өлкө жарандары төлөмдү накталай жана накталай эмес түрдө төлөө мүмкүндүгүнө ээ.

Автоматташтырылган тутумдун киргизилишине жараша учурда «Сосновка» постундагы күнүмдүк акчалай каражаттын топтолушунун орточо көлөмү болжол менен 140 миң сомду түзөт. Унаалардын өтүү наркы 45 сомдон 270 сомго чейинки сумманы түзөт.

Мындан тышкары, жакынкы арада Бишкек–Ош унаа жолунун 391 чакырымындагы «Кара-Көл» постунда төлөмдөрдү кабыл алуунун электрондук тутумун киргизүү пландаштырылууда, андан соң тутум эки постто штаттык режимде иштеп баштайт.

Премьер-министр белгилегендей, аталган чара коррупциялык тобокелдиктерди четке кагууга жана түшүп жаткан каражаттын көлөмүн кескин жогорулатуга мүмкүндүк түзөт.

Буга катар Мухаммедкалый Абылгазиев унаа ээлеринин жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын каалоо-сунуштарын эске алуунун өзгөчө маанилүүлүгүн белгиледи.

Андан соң Өкмөт башчы «Сосновка» постундагы салмак көлөмдүк контроль пунктунун ишин көзөмөлдөдү. Бүгүнкү күндө мында дөңгөлөктүн огундагы жүктүн салмагын аныктоочу жана орнотулган ченемдердин сакталышына карай жүк ташуучу транспорттун көлөмүн автоматтык режимде өлчөөгө мүмкүндүк берүүчү тутум пилоттук режимде иштеп жатат.

Күнүнө орточо алганда аталган пунктту 100 дөн 140ка чейинки жүк ташуучу унаалар кесип өтөт. Тийиштүү салмактан ашкан кезде айдоочуга айыппул салынат.

Премьер-министр салмактык ченемдерди сактабаган ашыкча жүктөлгөн унаа каражаттары жолдорду талкалап, мамлекеттин жол инфраструктурасын жакшыртуу боюнча күч-аракетин жокко чыгарып жаткандыгын айтты.

«Биз өлкөдөгү жолдорду курууга жана оңдоого бюджеттен чоң каражат бөлүп, гранттар жана кредиттер түрүндөгү каражаттарды тартуудабыз. Бишкек-Ош унаа жолу Кыргызстандын негизги экономикалык артериясы болуп саналгандыктан, биз анын абалын тийиштүү сактоого жана оор жүк ташуучу унааларды салмактык ченемдерди так сактоого үйрөтүүбүз керек», - деп белгиледи ал.

Өкмөт башчы «Сосновка» постундагы салмак көлөмдүк контролдоо пунктунун ишин көзөмөлдөөнү күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бишкек-Кара-Балта» унаа жолунун курулушун көрүп чыкты, анын жүрүшүндө курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын дагы бир ирет белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий