• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт министри кызматына Жанат Бейшенов көрсөтүлдү

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев транспорт жана жолдор министри кызматына дайындоо үчүн Жанат Бейшенов талапкерлигин киргизди.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан релизге караганда, Жанат Бейшенов 49 жашта. 1993-жылы Курулуш, транспорт жана архитектура институтун аяктаган, 2005-жылы Прагадагы экономикалык университетинен экономика илимдеринин доктору даражасын алган.

2017-жылдан бери Евразия экономикалык комиссиясынын темир жол транспорт бөлүмүн жетектеп келген.

2014-2015-жылдары премьер министрдин кеңешчиси, 2005-2007-жылдары Транспорт министринин орун басары болуп иштеген.

Эсе салсак, Калилов 2018-жылдын 15-декабрда өз каалоосу менен иштен кеткен.

Пикир

Оставить комментарий