• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев жана Буриан КР менен ЕБ ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 01.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги ортосундагы кызматташтыкка тийиштүү кеңири багыттар боюнча маселелер талкууланды. Тактап айтканда, биргелешкен долбоорлордун жана келишимдердин ишке ашырылышынын жүрүшү, мындан аркы өз-ара аракеттешүүнүн негизги артыкчылыктары тууралуу пикир алышуу орун алды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилеп, Европа биримдигине социалдык-экономикалык тармактагы ар кыл долбоорлорду ишке ашырууда көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайы өкүлү Петер Буриан Кыргыз Республикасы жана Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу мамилелердин акыркы мезгилдеги оң динамикасын канааттануу менен белгиледи.

«Биз Кеңири өнөктөштүк жөнүндө жаңы келишим терең кызматташтык үчүн, анын ичинде соода-экономикалык жаатында кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүсүн күтүүдөбүз. «ВСП+» статусунун алкагында зор мүмкүнчүлүк бар, аны сөзсүз түрдө колдонуу зарыл», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий