• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арзыбек Кожошев Россиядан Кыргызстанга дан жеткирүү маселесин талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Москва шаарында (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен жүргөн КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Бириккен дан компаниясы» АК башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россиядан Кыргызстанга дан жеткирүү маселеси, мындай ташуулардын көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жана Кыргызстанда «Бириккен дан компаниясы» АК филиалынын ишине көмөк көрстөтүү боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.

Маалымдама: «Бириккен дан компаниясы» АК – дүйнөлүк рынокто россиялык дандын потенциалын ишке ашырууну камсыздоочу айыл чарба продукциясынын соода-логистикалык оператору.

Өзүнүн уникалдуу инфраструктурасынын аркасында компания дүйнөдөгү азык-түлүк мобилдүүлүгүн жогорулатууга салымын кошуп, Россиянын азык-түлүк данын экспорттоочу эң ири 5 өкүлүнүн катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий