• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түштүк магистралдын боюндагы жер тилкелери шаарга кайтарылды — Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Түштүк магистралдын боюндагы Бах көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки жер тилкелери шаарга кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин Ленин райондук прокуратурасы 25 жер тилкесин колдонуу укугун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылган. Райондук сот бул чечимди канааттандырарлык деп тапкан. Бирок, шаардык сот алардын айрымдары боюнча административдик соттун чечимин жокко чыгарган. Иш Жогорку соттун кароосуна жиберилген.

Жыйынтыгында КР Жогорку соту 25 жер тилкесинин менчик укугун жокко чыгаруу боюнча райондук соттун баштапкы чечимин күчүндө калтырды:

-32а-43
-32а-44
-32а-45
-32а-46
-32а-47
-32а-54
-32а-56
-32а-58
-32а-62
-32а-63.

"Бул жер тилкелери муниципалдык, ал эми калган 15 участок соттордун кароосунда", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, инспекциянын иши боюнча суроолор болсо, төмөнкү телефондорго кайрылуу зарыл:

Свердлов району: 0705003137;
Октябрь району: 0551551745;
Биринчи май району: 0555404818;
Ленин району: 0550070505.

Пикир

Оставить комментарий