• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Караколдо органикалык айыл чарба азыктарын саткан алгачкы маркетинг борбору ачылат

Аймак 0

Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Каракол шаарында органикалык айыл чарба азыктарын саткан алгачкы маркетинг борбору ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул борборду калыбына келтирүү жана ачуу иштери Корея эл аралык кызматташтык (KOICA) агенттигинин колдоосу менен Oрганикалык айыл чарба департаменти тарабынан жүргүзүлөт.

"Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Шаты, Сары-Камыш, Ичке-Суу жана Тепке айылдарында калк менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда жазгы талаа иштери, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү, кредиттер боюнча маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле министр "Айыл банктын" Каракол шаарындагы филиалына барды", -деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Мындан тышкары, министр азык-түлүккө болгон баанын өсүшү байкалган бир нече супермаркеттерге жана дүкөндөргө барды, бул маселе монополияга каршы кызматка өткөрүлүп берилип, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

"Азык – түлүктүн тартыштыгы жок экендигин дагы бир жолу белгилеп кетким келет, ызы-чуу жаратпооңуздарды суранам, базарларда физикалык көлөм жетишерлик жана бүгүнкү күндө импортерлор тарабынан азык-түлүк жолдо келе жатат", - деген министр Жаныбаев.

Пикир

Оставить комментарий