• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев жылдын аягына чейин канча өндүрүш ачыла тургандыгын айтты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.11.18 /Салтанат Абдраева - Кабар/. 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү оң натыйжаларга чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн өкмөттүн жыйынында кабарлады.

Анын айтуусунда, экономиканын дээрлик бардык реалдуу секторлорунда өсүш камсыз болду. Айрыкча бүт аймактар боюнча чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, жумушчу орундарын түзүүгө жана өнөр жайдын өнүгүшүнө чоң көңүл бурулду.

“Аны менен жаңы иш-өндүрүштөрдүн бир нечеси курулуп баштаса, бир канчасы жылдын аягына чейин ишке кирип, жарандарга иш орун түзө турган бир нече мекемелердин ачылуусу күтүлүүдө”, - дейт Абылгазиев.

Премьер-министр кабарлагандай жылдын аягына чейин бир катар ишканалар ачылат:

- Оштогу “Кыргыз текстиль” ишканасын ачылат: 1-этапта 450-1500гечейин иш орду менен камсыз кылат, кийин 7000ге чыгат;

- Чаткалдагы 450 жумуш орду менен камсыз кылган Кичи-Чааратишканасы, инвестициянын көлөмү 10,5 млрд сом түздү (декабрда ишке кирет)

- СЭЗ Бишкектеги “Тандем” компаниясы “ТМАЙ-инвестмент холдинг” өндүрүшү 1-этапта 300 кишини 2-этапта 500 кишини иш менен камсыз кылат (ноябрь).

- Сокулуктагы 400-500 адамды иш менен камсыз кыла турган “Кулбросс” тигүү фабрикасы ачылганы турат.

Пикир

Оставить комментарий