• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 29.10-03.11.2018

Аналитика 0

“Русгидро” жөнүндө маселе. “РусГидро” Жогорку Нарын каскадынын ГЭСинин үлүшүн сатуу тууралуу оюн расмий түрдө кыргыз тарапка билдирген эмес.

“Электр станциялары” ААКтын башкы директорунун орун басары, Башкы дирекциянын мүчөсү Улан Орозоевдин айтымында, “РусГидро” Кыргызстандын бийлигинен долбоорго жумшалган 37 миллион долларды кайтарып берүүсүн талап кылууда.

“Биз өзүбүз тараптан эл аралык аудит өткөрүүнү сунуштаганбыз. “РусГидронун” коротуулары таанылган учурда кыргыз тарап компенсациялайт. “РусГидро” бүгүнкү күндө мындай аудитке каршы жана аны жүргүзүүдөн карманууда. Алар өзүнүн короткон акчаларын компенсациялоону сурап, жумшалган акчаларды кайтарып берүүнү талап кылышууда”, - деди Орозоев.

Өз инвесторлор. КыргызстандаSilkWay” индустриалдык паркын куруудагы инвесторлордун 70 пайызы жергиликтүү ишкерлер, калган 30 пайызы чет өлкөлүк ишкерлер.

“Парк комплексине капсула салуу аземи учурунда “Силк вей” индустриалдык паркы” ЖЧКсынын башкы директору Адилет Кубанычбековдун айтканына караганда, бул Орто Азиядагы жалгыз текстиль кластери.

“Парктын негизги объектиси болуп бардык кездемелер, эмеректер, шаймандар келип, Кытай менен Түркиянын келишиминин негизинде лизингге биздин өндүрүшчүлөргө 3 айга бериле турган экспоцентр эсептелет. Бул жергиликтүү текстиль тармагынын өнүгүшү үчүн түрткү болот”, - деди Кубанычбеков.

Ата-энелерге айлык акы. 2018-жылдын ноябрынан баштап Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды караган ата-энелерге маяна төлөп берүү пландалууда.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, айлык акы 5 миң сомго жакын болот. Азырынча маянаны 6 миң майыптуулугу бар балдарды караган ата-энелерге берүү күтүлүүдө. Өлкөдө жалпысынан 29,9 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар.

Бизнес ишеним артты. Индустриалдык-логистикалык парктын курулушу – Кыргызстанга бизнестин ишеним арткандыгынын ачык далили. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Silk Way» индустриалдык-логистикалык паркынын курулушу жүргүзүлчү жерге капсула коюу салтанатында билдирди.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Текстилдик жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча программасын аткаруу алкагында ишке ашырылуда.

«Silk Way» Индустриалдык паркы» ЖЧК башкы директору Адилет Кубанычбеков Өкмөт башчыга маалымдагандай, парктын аймагында тигүү, текстилдик жана бут кийим продукциясын өндүрүү боюнча 112 профилдик фабриканын курулушу пландаштырылууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө белгилегендей, бүгүн чоң майрам орун алууда, алсак, 70 га аянтта жайгашкан жана 35 миң жумушчу орунду түзө турган аймактагы көлөмдүү индустриалдык-логистикалык парктын курулушу башталууда.

Жолго акча. Азия өнүктүрүү банкынын директорлор кеңеши өлкөнү эл аралык рыноктор менен байланыштырган, эки ири транспорт коридорун бириктирген Кыргызстандагы жолдорду калыбына келтирүүнү жыйынтыктоо үчүн 78 миллион долларга каржылоону бекитти.

Жаңы долбоор Кыргызстанда аймактык мобилдүүлүктү, экономикалык активдүүлүктү өлкө боюнча аймактык транспорт коридорлорун жакшыртуу аркылуу жеткилең кылуу үчүн Азия өнүктүрүү банкы тарабынан колдоого алынган азыркы долбоорду каржылоону толуктап турат.

Азия өнүктүрүү банкынан 68,5 миллион доллар өлчөмүндөгү насыядан жана 9,5 миллион доллар өлчөмүндөгү гранттан турган кошумча жардам Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун эки тилкесин жакшыртат. Тагыраак айтканда, Балыкчы шаарынан 43 чакырым жолду жана жалпы узундугу 68 чакырым болгон Кочкор-Элкин тилкесин жакшыртат.

Картошканын тагдыры. Кыргызстан Өзбекстанга картошка жеткирүү иштерин баштады.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын орто ченинде КРнын Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен Өзбек Республикасынын министрлер кабинетине караштуу өсүмдүктөрдун карантини боюнча мамлекеттик инспекциясыТашкент шаарында болгон эки тараптуу жолугушууда, Өзбекстанга картошканы экспорттоо боюнча маселе каралган. Өзбекстан тарап Кыргызстандан картошканы алып келүү үчүн 17 фирманын тизмесин бекитип, айтылган фирмалар аркылуу картошка сатып аларын билдирген.

Жогорудагы эки тараптуу жолугушуудан кийин Өзбекстанга картошканы сатуу боюнча Ысык-Көл облусунда “Наманган Универсал Савдо-Инвест”МЖЧ фирмасы аркылуу Өзбекистан Респуликасына картошка чыгаруу үчүн жеке ишкер Д. Мусабаева менен 2 миң тоннага келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө 66 тонна картошка жөнөтүлдү.

Кеч келген популярдуулук. Кыргызстанда банк карталарын колдонуу популярдуу болууда.

2017-жылдын аягына карата 2 миллион төлөм картасы жүгүртүүдө болгон. КРнын Улуттук банкынын маалыматына караганда, бул 2013-жылга салыштырмалуу 3 эсе көп.

Банктын төлөм карталарын колдонуу үчүн колдонуучуларга 1,4 миң банкомат кызмат көрсөткөн. Алардын саны 2013-жылга салыштырмалуу 1,7 эсе көбөйгөн. Ошондой эле 8,2 миң төлөм терминалы кызмат көрсөткөн.

Оңдолгон божомол. 2019-жылы Кыргызстандын өндүрүшүнүн өсүшү 3,2 пайыз деңгээлде, 2020-жылы 5,1 пайызга божомолдонууда. Бул тууралуу 2018-2020-жылдарга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунда айтылды.

Буга чейин өндүрүштүн өсүшү 2019-жылы 5,3 пайызга, 2020-жылы 8,7 пайызга божомолдонгон.

“Кумтөр” кенин эске албаганда Кыргызстандын өнөр жайында 2019, 2020-жылдарга 8,8 жана 5,9 пайызга өсүү божомолдонууда.

2019-2020-жылдары айыл чарбанын өсүү темпи 2,7 пайыз, 3,0 пайызга чейин жай болушу күтүлүүдө. Мал чарбасында өсүш 2,7 жана 2,8 пайыз деңгээлинде болушу божомолдонууда.

Такталган чыгашалар. Жогорку Кеңеш боюнча 2018-жылга карата такталган бюджет 785,2 миллион сомду түздү. Бул тууралуу 2018-2020-жылдарга карата республикалык бюджет жөнүндө жаңы мыйзам долбоорунда айтылат.

Жогорку Кеңештин чыгашалары 10,6 миллион сомго же 2018-жылдын бекитилген бюджетине карата 1,4 пайызга көбөйгөнү маалымдалды. Кошумча чыгымдар КРда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясын өткөрүүгө жана Эсептөө палатасынын көрсөтмөсү менен 0,5 миллион сом алууга байланыштуу.

КРнын президентинин аппараты боюнча 2018-жылга карата такталган бюджет 148,8 миллион сомду түздү. Чыгымдардын азайышы президенттин жана өкмөттүн башкармалыктарына каражаттарды которууга байланыштуу.

2018-жылга өкмөттүн аппараты боюнча такталган бюджет 215,8 миллион сомду түзгөн. 2018-жылга карата бекитилген бюджетке карата чыгымдар 20,9 миллион сомго же 8,8 пайызга азайган.

Президенттин жана өкмөттүн иштерин башкаруу боюнча2018-жылга такталган бюджет 726,4 миллион сомду түзгөн.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий