• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Газ тармагы

Аналитика 0

Беш жыл аралыгында мамлекет "Газпром Кыргызстан" компаниясы менен бирге бир катар иштерди аткара алды. 2014-жылдан тарта Кыргызстанда газ тутумун, ченемдик-усулдук документтерди жаңылоо, бизнес процесстерди, автоматташтырылган тутумдарды киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Биргелешкен иштердин аркасы менен Кыргызстанда көгүлтүр от маселесинде кыйынчылык жаралбай калды.

Кырк жылдын ичинде алгач ирет 112 чакырымдагы "Бухара газ району – Ташкент – Бишкек - Алматы" башкы газ куурларынын реконструкциясы жана курулушу жүргүзүлдү. Бул долбоор бир гана Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагы үчүн маанилүү.

Бишкектин 27 конушунда жана Чүй менен Ош облусунун конуштарында 700 чакырымдан ашык бөлүштүрүү газ түтүктөрү салынып, анын аркасы менен 100 миң тургун көгүлтүр от менен камсыз болду.

Бишкек, Токмок, Сокулук газ бөлүштүрүүчү станциялары жана "Бишкек – Кант – Токмок" газ куурларынын 62 чакырымы оңдоп-түзөөдөн өттү.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда (так эсепке алуу максатында) мамлекеттер аралык "Чүй" эсеп түйүнүнүн курулушу аяктады.

Чүй эсеп түйүнүнүн, Ленин айылындагы автоунаанын газ толтуруучу компрессордук станциясында оңдоп-түзөө иштери аткарылып, атайын техника жана жабдыктары, өндүрүш жана административдик имараттары жаңыланды. Жаңы кеңселер ачылып, жаңы технологиялар киргизилүүдө.

"Газпром – балдарга" социалдык программасынын алкагында өлкө боюнча 9 дене-тарбия комплекстери курулуп, Бишкекте компания тарабынан заманбап мектеп салынды.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий