• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 22-28-01-2018

Аналитика 0

Бишкексиз мүмкүн эмес. Мамлекеттик бюджеттин 70% Бишкектин эсебинен түзүлөрүн, Кыргызстандын президентинин кеңешчиси Муратбек Шаимкулов ырастайт. Анын пикиринде, КР мамлекеттик бюджетинин 10% каражаттары Чүй облусунан түшөт. Калган аймактардан 20% жетпегени келип түшөт. Бул мамлекеттик бюджетти түзүү саясаты Бишкекке багытталганы менен байланыштуу.

М.Шаимкулов аймактарда экономикалык көрсөткүчтөр ар түрдүү экенин билдирди. Буга байланыштуу туз инвестициялардын түшүүсү дагы аймактарга карата ар башка. “Бишкек менен Чүй облусунда туз инвестициялар бар. Жалал-Абад жана Ош облустарында кырдаал жакшырды. Тагыраагы ал жактарга дагы инвестиция келе баштады. Калган аймактарда абал өзгөргөн эмес”,- деп кошумчалады ал.

Көпбү же азбы – бирок 6 млн төлөндү. 2017-жылы “Мамлекеттик камсыздоо компаниясы” ААКсы тарабынан Кыргызстандын жарандарына 6 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөнгөнүн ААК башкармалыктын төрагасы Жумагүл Эгембердиева билдирди.

Анын айтымында, өз үйлөрүн камсыздандарган жарандар камсыздандыруудан акча каражаттарын алышты. Ал жарандарды өз турак жайларын камсыздандырууга чакырды, анткени ар кандай жаратылыш кырсыктарынан жана өрттөрдөн эч кимдин кепилдиги жок.

Кыргызстанда 65 мин жаран турак жайын камсыздаган, алардын 50% ашыгы Ош облусунда жашашат.

Герман бизнесине көз караш. “Бизде КРда Германия күндөрүн өткөрүү тажрыйбабыз бар. Быйылкы жылы Бишкекте эки өлкөнүн ишкерлери активдүү кызматташуу үчүн катыша алган Германия күндөрүн өткөрүүнү сунуштайт элем”, - деди Германиянын КРдагы элчиси Моника Иверсен менен жолугушууда КР экономика министри Артем Новиков.

Новиков КР Экономика министрлиги Германия менен соода, инвестиция, ишкерлик, айыл чарбасы ж.б. тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Жолугушууда тараптар эки жактуу кызматташуунун ар тараптуу аракеттешүү маселелерин, 2017-жылы 3-4-июлда Бонн шаарында кыргыз-герман өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүндө жетишилген макулдашууларды талкуулашты.

Акыркы мезгилдеги ийгиликтүү багыт катары Тараптар Кыргызстанда 2017-жылы Экинчи герман экономикасынын күндөрүнүн өткөрүлүшүн белгилешти.

Эстония менен кош салык салууга жол берилбейт. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “2017-жылдын 10-апрелинде Таллин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешеге салыктарды төлөөдөн четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Кош салык салуудан качуу жөнүндө эл аралык Макулдашуу башка мамлекетте салык салынуучу объектиге ээ болгон экинчи мамлекеттин субъектисине салык салуу боюнча макулдашуучу тараптын ар биринин укугун чектөөнүн эрежесин аныктайт. Ошол эле учурда бул жоболорду ишке ашыруунун ыкмалары салыктык укуктун мамлекеттик ички ченемдерин белгилейт.

Мындан тышкары бул Макулдашуу биринчи мамлекеттин резидентин экинчи мамлекетте басмырлаган салык салуудан коргойт. Макулдашуучу тараптардын компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу аркылуу салык салуудан качууга же макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербейт.

Японияда илгерлетүү. Токио шаарында КРда инвестицияларды илгерлетүү боюнча семинар өттү. Мында башкы баяндамачы КРнын Инвестицияларды илгерлетүү жана коргоо агенттигинин директору Эсен Момункулов болду.

Ал өз баяндамасында өлкөдөгү экономикалык кырдаал, иштеп жаткан, анны ичинде энергетика, “Таза коом” улуттук санариптик программасы боюнча инфраструктуралык долбоорлор менен, ошондой эле чет элдик инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар, экономикага артыкчылыктуу салуулар менен тааныштырды.

Семинарда КРнын Япониядагы элчиси Ч.Айдарбеков сүйлөп, КРдагы демократиялык жетишкендиктер, мамлекеттик туруктуу өнүгүү курсу жана кыргыз-япон алакаларынын жогорку деңгээли тууралуу белгилеп, япон ишкерлерин Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга чакырып, өлкөнүн рыногуна 2017-жылы кирген «Sawada Holdings» жана «TokyoRopeMFGCo.,Ltd» компанияларын мисал келтирди.

КРдагы Бүткүл дүйнөлүк банк. “Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстандын өкмөтү үчүн өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги өнөктөштөрдүн бири”, - деп билдирди Кыргызстандын экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков Бүткүл дүйнөлүк банктын Бишкектеги кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар менен жолугушууда.

жолугушууда А.Сазбаков өлкө Өкмөтү 2040-жылга чейин узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга киришкенин маалымдады. Учурда бул стратегиянын Концепциясы иштелип чыгып, “Жаңы доорго кырк кадам” Программасы кабыл алынды.

Товардык белги. Кыргызстандын интеллектуалдык менчик боюнча Эл аралык ишкер кеңешинин комитети КРда товардык белгилерди жөнгө салуу, 2016-жылдагы “Фирмалык аталыштар жөнүндө” КР Мыйзамын артка кайтарууга байланыштуу маселелерди талкуулады. Иш-чара КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык жеке менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын, ЭИК мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн катышуусунда өттү.

ЭИК аткаруучу директору Аскар Сыдыков “Кыргызпатенттин” төрагасы Досалы Эсеналиевге интеллектуалдык жеке менчик укуктарын коргоо, инновацияларды өбөлгөлөө, КРда ишкер чөйрөнү жакшыртуу маселелериндеги жигердүү кызматташуусу үчүн ассоциациянын ыраазычылык катын тапшырды.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий