• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"АЧК - 11". Дыйкан-фермерлерге берилген насыя 3 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 29-июнуна карата "Айыл чарбасын каржылоо - 11" долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 3 млрд 96 млн сом насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 3,3 млрд сом суммасын түзүүдө.

"2023-жылдын 29-июнуна карата бул Долбоордун алкагында республиканын 6 миң 886 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 96,6 млн сом суммасында жеңилдетилген кредит берилгенди", - деп айтылат маалыматта.

"Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун ишке ашырууну улантуу максатында КР министрлер кабинетинин 2023-жылдын 27-февралындагы №72-т тескемеси менен "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоору бекитилген.

Ата-мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү тарабынан өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык жана агрардык өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредиттик ресурстар менен камсыздоо максатында 2013-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун циклин ишке ашырып жатат.

Пикир

Оставить комментарий