• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адам өмүрүн алган Аксыдагы селде агып кеткен эки бала табыла элек — сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Жалал-Абаддын Аксы районунда сел суулары 5 жаштагы жана 3 жаштагы балдарды агызып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июль күнү саат 18:00дөр чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Жаңы-Жол айылында эки турак үйдүн короосун жана жайлоого баруучу ички чарбалык жолду сел каптап, көпүрөлөрдү агызып кеткен.

Ошондой эле Таштак айылында 5 жаштагы К.А. аттуу бала жана Жолборсту айылында 3 жаштагы Т.Ф. аттуу кызды сел суулары агызып кеткен. Жалпысынан 8 адамды сел агызып кетип, анын ичинен 6 адам табылган.

“Балдарды издөө иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий