• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга Сауд Арабиядан 500 миң долларлык гуманитардык жардам келди

Саясат 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Ушул жылдын 13-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Сауд Арабия Падышалыгынан жалпы суммасы 500 миң АКШ долларды түзгөн медициналык буюмдар жана жеке коргонуу каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардамды өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам Covid-19 инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүгө, профилактикалык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө багытталган.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жана Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси И.Ал-Ради катышты.

Ж.Бакашова өз сөзүндө Сауд Арабия Падышалыгынын өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирип, бул жардам өз убагында болуп жаткандыгын жана Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан пандемияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге жетишээрлик салымын кошорун белгиледи.


Пикир

Оставить комментарий