• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМдин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Республиканын аймагында COVID-19 илдети тез жайылып жаткандыгына байланыштуу ооруну алдын алуу максатында ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнгө карата министрликтин борбордук аппаратынын, ошондой эле ведомство алдындагы уюмдардын кызматкерлеринин жарымынан көбү коронавируска каршы эмделди.

Эскерте кетсек, буга чейин Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери да коронавируска каршы вакцина алышкан.

Пикир

Оставить комментарий