• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19 менен сасык тумоонун козгогучтарынын ортосунда кандай айырма бар?

COVID - 19 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. COVID-19 менен сасык тумоодо окшош клиникалык симптомдор бар. Бул тууралуу №1 Шаардык клиникалык оорукананын эпидемиолог-дарыгери Айжаркын Эгембериева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус инфекциясындагы дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, тамактын оорушу, кургак жөтөл, баштын оорушу, кээде - мурундун агышы же мурундун бүтүшү, булчуңдардын жана муундардын оорушу, апатия сыяктуу симптомдор сасык тумоого дагы мүнөздүү.

Дарыгер COVID-19 менен грипптин козгогучтарынын ортосунда төмөндөгүдөй айырмачылык бар экенин белгилейт:

  • COVID-19дун инкубация мезгили 1 күндөн 14 күнгө чейин узарылышы мүмкүн, сасык тумоонуку бир нече сааттан 3 күнгө чейин кыскалыгы менен мүнөздөлөт;
  • Грипп менен ооруган адамдын жалпы абалы көбүнчө 7-8 күндүн ичинде жакшырып кетиши мүмкүн, ал эми 7-8-күндөрдө коронавирустук инфекция менен ооруган өнөкөт оорулары бар адамдардын белгилүү бир пайызы, эгер туура дарылабаса, кийинки этапка өтүшү мүмкүн - бул дем алуу жетишсиздигинин башталышына алып келет;
  • Коронавирус инфекциясы тамак сиңирүүчү органдарга таасир берип ич өткөккө алып келиши мүмкүн, бирок бул сасык тумоодо чоң кишилерде сейрек кездешет;
  • Мезгилдүүлүк: Сасык тумоо күзгү-кышкы мезгилдүүлүк менен мүнөздөлөт, ал эми COVID-19 үчүн бул анча маанилүү эмес.
  • Сасык тумоого чалдыгуу тобокелчилиги бар бейтаптар - балдар, кош бойлуу аялдар, карылар, негизги оорулары бар адамдар жана иммундук жетишсиздикке чалдыккан адамдар. COVID-19 учурда катуу оорунун коркунуч факторлору карылык жана өнөкөт оорулардын болушу.

"Ошондой эле COVID-19 илдетинде өлүм коркунучу сасык тумоого караганда жогору - өлүмдүн деңгээли 3-4%. Сезондук тумоодон өлүм көрсөткүчү адатта 0,1%га чейин",-дейт ал.

Иммунологдун айтымында, дарыгер коронавирус менен сасык тумоонун айырмасын аныкташы маанилүү, анткени эки оору тең коркунучтуу ооруларга, анын ичинде пневмонияга жана андан кийинки өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий