• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Транспорт министрлигинин 1,2 миңден ашык кызматкери COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 1 миң 239 кызматкери коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу брифинг учурунда министрликтин статс-катчысы Кутман Мамыров билдирди.

Анын айтымында, учурда кызматкерлер арасында эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

“Азыркы учурда министрликтин протоколдук тапшырмасы боюнча, туруктуу негизде коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу максатында кызматкерлерлер жана жумушчулар арасында эмдөөдөн өтүунүн зарылдыгы жана маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», - Мамыров.

Анын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 27-августуна карата берилген маалыматка ылайык, 7 миң 511 адамдын ичинен вакцина алган адамдардын саны 1 миң 239, анын ичинен:

  • борбордук аппараттагы 126 адамдын ичинен 41 адам вакцина алды;
  • Министрликке караштуу уюмдарда жана ишканаларда 7 миң 385 адамдын ичинен 1 миң 198 адам вакцина алды.

Пикир

Оставить комментарий