• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда калкты COVID-19га каршы эмдөө боюнча 10 күндүк акция жарыяланды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда калкты массалык эмдөө боюнча масштабдуу акция жарыяланды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди.

Анын айтымында, калкты массалык эмдөө боюнча чараларды күчөтүү жана COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргызстандын бүткүл аймагында 2021-жылдын 1-сентябрынан 10-сентябрына чейин калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө боюнча масштабдуу акция жарыяланды жана өлкөдө вакцинанын тартыштыгы жок.

«Жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын 70%ы эмделиши керек. Биздин стратегиялык милдетибиз - Кыргызстанды кызыл аймактан чыгаруу жана ар бир кеңсени, кварталды, районду, аймакты жана бүтүндөй республиканы COVID-19 инфекциясынын коркунучу минималдуу болгон коопсуз "жашыл зонага" өткөрүү болуп саналат.

Ошого байланыштуу министрлик мурда "Кыргызстан - жашыл аймак" интерактивдүү картасын ишке киргизген, анда 70% эмдөөдөн өткөн кызматкерлер картага өздөрүн белгилеп, стикер ала алышат», - деп билдирди Бакыт Жангазиев.

Ал белгилегендей, 1-сентябрга карата республика боюнча 18 жаштан улуу адамдарды камтыган максаттуу топтун (тышкы эмгек мигранттарын кошпогондо) вакцинанын биринчи дозасы менен 681 миң 78ден ашык адам , же 29%ы алган, ошол эле учурда 445 мин 231 адам, же 19% эмдөөнүн толук курсунан өтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий