• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Жалал-Абадда кызыл зоналар жабылды, 133 эмдөө пункту иштеп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Жалал-Абадда калкты коронавируска каршы эмдөө үчун 133 убактылуу эмдөө пункту ачылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Замира Орунбаева брифингдин жүрүшүндө айтып берди.

Анын айтымында, 28-сентябрь күнүнө карата Жалал-Абад облусунда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

“Бүгүнкү күндө облустун аймагында COVID-19 оорусуна чалдыккан жарандарды дарылоо Аксы жана Көк-Жаңгак шаарында жайгашкан жалпы практикалык дарыгерлер борборунун жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө жүргүзүлүп жатат, бейтаптар азайгандыгына байланыштуу жана каражаттарды үнөмдүү пайдалануу үчүн башка кызыл зоналар жабылды”, - деди ал.

Ал белгилегендей, калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө максатында, облустун аймагында 133 убактылуу эмдөө пункттары ачылып, эмдөө иштери жүрүп жатат.

“2021-жылдын 28-сентябрына карата облус боюнча эмделе турган 435 миң 112 адамдын ичинен 137 миң 374 адам же 32% эмделген”, - деди Замира Орунбаева.

Пикир

Оставить комментарий