• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адиль Мырзаев дзюдо боюнча Азия чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 14-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Адиль Мырзаев жаштар арасында Азия чемпиону болду. Эскерте кетсек, аталган спорттун түрү боюнча учурда Бишкекте Азия чемпионаты өтүп жатат.

Мырзаев 73 кг салмакта 4 таймашка чыкты. Биринчисинде ал Бириккен Араб Эмиратынын спортчусу Албали Абдулелахты, андан соң Кытайлык Тайбэй Лин Хон Тангды жана Өзбекстандык Озодбек Муротовду жеңген.

Финалда кыргызстандык спортчу казакстандык Нурбек Ортай менен беттешип, аны таза жеңиш менен утуп чыккан.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын курамасынын алтынчы жана биринчи алтын медалы.

Кыргызстан курамасынын капчыгында бир алтын, күмүш жана үч коло медаль бар.

Пикир

Оставить комментарий