• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

AFoCO КР Токой кызматы менен биргеликте он жылдык иш планын иштеп чыгат

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Азия токой секторундагы кызматташтык уюму (AFoCO) КР Токой кызматы менен биргеликте он жылдык иш планын иштеп чыгат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-мартында Кореядан Кыргызстанга токой чарбаларынын токой үрөндөрүн жыйноо жана сактоо, көчөттөрдү өстүрүү боюнча иштеринин уюштурулушу менен жеринен таанышуу максатында Азия токой секторундагы кызматташтык уюмунун өкүлдөрү-токой генетикасы жана бак-дарактарды селекциялоо лабораториясынын профессору Канг Кюсок, долбоордун менеджери Чой Сонгхо жана долбоорлорду иштеп чыгуу жана гендердик саясат боюнча адис Айдай Жумашева келишип, Фрунзе жана Чүй токой чарбаларында болушту.

Жолугушууда AFoCO Фрунзе токой чарбасынын аймагында эл аралык стандарттарга ылайык, заманбап үрөн сактоочу жайды куруу, ошондой эле токой чарбаларында туруктуу токой үрөн участокторун түзүү боюнча Токой кызматына колдоо көрсөтүүгө пландалып жатканы белгиленди. Аталган максаттарга жетүү үчүн AFoCO Токой кызматы менен биргеликте он жылдык иш планын иштеп чыгат. Бул кызматташуунун биринчи этабы болот. Экинчи фазада токой үрөн участокторунан жыйнала турган, үрөн сактагычта бардык техникалык талаптарга ылайык сактала турган үрөндөрдөн өстүрүлгөн көчөттөр менен токой отургузууну ишке ашыруу пландаштырылууда.

AFoCOнун өкүлдөрү дени сак дарактарды өстүрүү үчүн көчөттөрдүн өнүмдүүлүгүн жогорку деӊгээлде камсыз кыла турган сапаттуу үрөндөр зарыл экенин өзгөчө белгилешти.

Маалымат үчүн: 2015-жылдын 10-декабрында Кореянын Сеул шаарында кол коюлган токой секторунда кызматташтык боюнча Азия уюмун (AFoCO) түзүү жөнүндө макулдашууга Кыргызстандын кошулуусу тууралуу Кыргыз Республикасынан мыйзамына 2022-жылдын 1-августунда кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий