• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айдарбеков Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Чыңгыз Айдарбеков Европа тараптын демилгеси боюнча Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Ауэр акыркы күндөрдө Кыргыз Республикасында түзүлгөн кырдаалга өзүнүн кооптонуусун билдирген.

"Европа тарап өлкөдөгү бардык саясий күчтөрдү Конституциянын алкагында ищ алып барууга жана болгон пикир келишпестиктерди тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырат. Э.Ауэр көз карандысыздыкты алган учурдан тартып Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын демократиялык жолун жана өнүгүүсүн колдогонун жана ЕБ менен КР ортосунда эки тараптуу кызматташууну күчөтүүнүн алкагында өлкөнүн өнүгүшүн колдой турганын улантарын, ошондой эле долбоорлоо-программалык иштердин алкагында ар тараптуу жардамдарды көрсөтө беришерин белгиледи", - деп билдирди министрлик.

Айдарбеков өнүгүү, анын ичинде долбоорлоо-программалык иштер маселелеринде Кыргыз Республикасына болгон колдоо үчүн Европа тарапка ыраазычылык билдирген.

"Айдарбеков азыркы учурда түзүлгөн кырдаалдар укуктук талаада чечилиши үчүн бардык күч-аракеттер колдонулуп жатканын белгиледи. Түзүлгөн кырдаалдан тез арада чыгуу өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн камсыздалышына, ошондой эле инвестициялардын корголушуна көңүл буруу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө мүмкүндүк түзүлөрүнө үмүт артарын билдирди. Ага байланыштуу ал ЕБнын колдоосуна үмүт артарын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Тараптар алдыда кайрадан боло турган парламенттик шайлоону өткөрүүнү техникалык колдоо мүмкүндүктөрүн талкуулашкан.

Пикир

Оставить комментарий