• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токаевдин Кыргызстанга сапарынын алкагында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат

Саясат 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдыдагы визит алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр болот. Өлкө лидерлери тар жана кеңири курамда эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү жолго коюунун жана өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары, эки тараптуу мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий