• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айдарбеков жана Буриан Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтыгын талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукту.

КРнын тышкы саясий мекемесинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу күн мурун, 12-февралда министр Айдарбековдун Европа Биримдигинин институттарына жумушчу сапарынын алкагында Брюссель шаарында өткөн.

Анда тараптар Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы мамилелердин абалын жана аны бекемдөөнүн келечектерин талкуулашкан.

«Ошондой эле 2020-жылга иш-чаралардын графигин, КР менен ЕБнын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү Макулдашууга кол коюуга техникалык даярдануу маселелерин да талкуулашты», - деп кошумчалашты министрликтен.

Андан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө Айдарбеков менен Буриан «Борбордук Азия – Европа Биримдиги: жашыл экономика чөйрөсүндөгү өнөктөштүк аракетте» деп аталган I экономикалык форумдга даярдык көрүү жана өткөрүү маселелерин кеңири карап чыгышкан.

Форумду 2020-жылдын жай айларында Бишкек шаарында өткөрүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий