• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат: Өткөн жылы 46 бала өз жанын өздөрү кыйды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.02.20. /Кабар/. Ушул жылдын 11-февралында Сокулук районундагы мектептердин биринде окуучунун өз жанын кыйышына байланыштуу өтө кайгылуу трагедия катталды. Тилекке каршы, жаш балдардын мындай өлүмү жылдан-жылга көбөйүп барат. Мисалы, өткөн жылы 46 бала, анын ичинде 26 кыз, 20 эркек бала өз жанын өздөрү кыйганы, алардын басымдуу бөлүгү толук эмес же ата-энеси чет өлкөлөрдө жүргөн бүлөлөрдө болуп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу депутат Пархат Тулендыбаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

«Өкмөт бул багытта жалпы коомчулук, атайын адистер менен бирге мамлекеттик деңгээлдеги комлекстүү чараларды көрүшү зарыл. Жаман адат жугуштуу дейт, анысы кандай, мындай жоболоңдуу жосундардан кутула албайбыз, абал мындан дагы оорлошуп кетиши ыктымал», - деп кошумчалады депутат.

Пикир

Оставить комментарий