• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандын ТИМ башчысы Кыргызстан менен болгон суу жана транспорт маселесин саясатташтырбоого чакырды

Саясат 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстан менен суу, транспорт жана логистика маселелерин биргелешип чечүүнү, аларды саясатташтырбоого чакырды.

Атап айтканда, Казакстандын ТИМ башчысы мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жүк ташуучу унаалардын топтотулушуна байланыштуу маселеге токтотулду.

"Биз кесиптештерибизи менен бул маселени дыкат талкууладык. Биздин чек ара аркылуу бардык товарларды жана кызматтарды тез өткөрүүгө жардам бере турган өзүбүздүн көз караштарыбыз жана сунуштарыбыз бар. Биз үчүн бул абдан маанилүү. Казакстан өкмөтү өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын бири-бири менен тынч сүйлөшүүсүнө бардык күч-аракетин жумшоодо. Бирок, бир каалагандай ири агымды өткөрө албай турган техникалык маселелер бар. Ошол эле учурда Казакстандын бул маселени чечүүгө чоң каалоосу бар экенин белгилей кетүү керек", - деди ал КР тышкы иштер министрлигинин башчысы Жээнбек Кулубаев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында.

Пикир

Оставить комментарий