• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айдоочулардын эсине! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын оолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44 (Ийри-Суу тилкеси), 67-90-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү коркунучу сакталат.

Ушундай эле абал Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) да сакталат.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий