• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шайлоо-2020. 3-октябрь күнү 24,4 миң шайлоочу добуш берди - БШК

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Кечээ, 3-октябрь күнү 24,4 миң шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, алар көчмө кутулар аркылуу добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын 83,5%ын түзөт.

"Ал эми 4 миң 448 шайлоочу түрдүү себептерден (паспорттордун жоктугу, шайлоочулардын үйүндө болбой калганждыгы ж.б.) улам добуш берүүгө катыша алган жок", - деди ал.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинде чет мамлекеттерде 45 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 554 киши киргизилген. Шайлоого 16 саясий партия катышууда.

Пикир

Оставить комментарий