• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айлык акысын банктык төлөм карталары менен алуучулардын саны көбөйтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 04.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков 2018-жылдын 28-мартында КР Өкмөтүнүн жана КР Улуттук Банкы менен 2018-2022-жылдарга (үчүнчү этап) накталай эмес төлөмдөрдү жана эсеп-кысаптарды көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндөгү биргелешкен Токтомуна кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Программанын максаты - республикада накталай эмес төлөмдөрдү жана эсеп-кысаптарды көбөйтүү боюнча иш-чараларды андан ары жүргүзүү.

Мамлекеттик Программанын үчүнчү этабы өзүнө Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсеп-кысаптарды көбөйтүү боюнча иш-чаралардын комплексин камтыйт. Ал ошондой эле өлкөнүн аймактарын өнүктүрүүгө багытталган “Жаңы доорго кырк кадам”өкмөттүк программасын, “Таза Коом” концепциясын жүзөгө ашырууга арналган улуттук жана мамлекеттик программалардын алкагында да каралган.

Бул этаптын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- көбүнчө өлкөнүн аймактарында банктык жана төлөм инфраструктураларын өнүктүрүү;

- айлык акысын банктык төлөм карталары менен алуучулардын санын көбөйтүү;

- коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү менен жеңилдик жана жөлөк пул берүү процессин башкаруунун эсебинен калкка социалдык кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатуу;

- Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында калктын бюджеттик, бир жолку жана регулярдуу төлөмдөрүн жүргүзүүсүндө накталай эмес эсеп-кысаптарды жүргүзүүнүн жана төлөм карталарын, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу инфраструктурасын кеңейтүү жолу менен реалдуу сектордо ишкердик жүргүзүүнүн жигердүү өсүүсү үчүн шарттарды түзүү;

- коммерциялык банктар тарабынан көрсөтүлгөн төлөм жана эсеп-кысап жүргүзүү боюнча кызматтардын спектрин кеңейтүү, жана атаандаштыктын шартында филиалдык тармакты өнүктүрүү;

- накталай эмес түрдөгү төлөмдөрдү жана эсеп-кысаптарды жүргүзүүдө бизнес-структураларды жигердүу тартуу жана башкалар.

Эске салсак, биринчи (2003-2008 -жж) жана экинчи (2012-2017-жж.) этаптардын алкагында банктык жана төлөм системаларын модернизациялоо жүргүзүлгөн. “Пенсионердин картасы”, “бюджеттик каражатты алуучунун картасы”, “банктык төлөм карталарына социалдык төлөмдөр”, накталай төлөм эмес түрүндө салык/бажы пошлиналарын, айыппулдарды которуу менен төлөө сыяктуу мамлекеттик долбоорлор жүзөгө ашты. Мындан тышкары бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысын “Элкарт” улуттук төлөм картасына которуу ишке ашкан.

Биринчи жана экинчи этаптын жыйынтыгы боюнча коммуналдык ишканалардын ички кассасы жабылды, төлөмдөр накталай акча каражаттарынынкиргизүү жолу менен банктардын кассалары, почта бөлүмдөрү/банктын агенттери, кабыл алуу пункттарынын төлөм системаларынын операторлору, дистанттык банктык тейлөө (интернет-банкинг, үй-банкинг, мобилдик банкинг) жана электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий