• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айнура Айбалаева КР Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү кызматына дайындалды

Президент 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, кызматтык ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу (7 жыл) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык, Жусупов Тимур Жолчуевич Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын сунушу боюнча Айбалаева Айнура Маматовна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү кызматына дайындалды.

Айбалаева Айнура Маматовна, М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин 1993-жылы аяктаган. 1998-жылы 2 жылдык окуудан кийин Франция Премьер-министринин алдындагы Улуттук башкаруу мектебин аяктап, мамлекеттик башкаруу чебери дипломуна ээ болгон.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 1998-жылдын октябрь айынан тартып, эмгектене баштаган. Улуттук банкта иштеген жылдары ар кандай кызмат орундарын: валюталык башкаруунун тышкы байланыштары бөлүмүнүн башчысы, тышкы жана коомдук байланыштар бөлүмүнүн башчысы жана персонал менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы кызматтарын жетектеген. 2009-жылдан тартып, 2012-жылдар аралыгында Азия өнүктүрүү банкынын Аткаруучу директорунун кеңешчиси катары (Манила шаары, Филипинны), 2012-жылдан тартып 2015-жылдын январь айына чейин Кыргыз-Швейцариялык банкынын Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий