• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айрым шаар-райондорго киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 80 жарлыгы каралып, бекитилди.

Алгач Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев чыгарылган жарлык тууралуу учкай маалымат берип, Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын айрым шаарларында жана райондорунда санитардык-эпидемиологиялык кырдаал туруксуз деп мүнөздөлөт. Коронавирустук инфекциясы жуккан адамдар дагы эле табылууда, айрым жарандар ооруканаларда дарыланып жатат. Ушуга байланыштуу жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун жана алардын коопсуздугун камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абалды дагы узартып туруу зарыл болууда”, - деди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Өзгөчө абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 3 жана 4-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 8 чечимин эске алуу менен Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абалды 2020-жылдын 10-май күнүн кошуп эсептеген мезгилге чейин узартуу чечими кабыл алынганын кошумчалады. Ал эми Нарын шаарына, Ош облусунун Ноокат менен Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда киргизилген өзгөчө абал улантылбай турган болду.

Пикир

Оставить комментарий