• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айрымдар УКМК башчысынын отставкасын талап кылуу менен бийликти алсыратууну каалайт – саясий серепчи

Коом 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Айрым саясатчылар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылуу менен бийликти алсыратууну каалашууда. Бул тууралуу саясий серепчи Шерадил Бактыгулов “Кабар” маалымат агенттигине “Айыл банк” башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев жана саясий серепчи Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бул эки факты сөзсүз түрдө иликтенип чыгышы керек.

“Коомчулук тергөөнүн башкы максаты – ар бир абак жайларда ушул сыяктуу фактыларды алдын алуу экенин түшүнүшү керек”, - деди ал.

Бирок ошол эле учурда эксперт бул иштер УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин отставкасы деңгээлиндеги саясий талаптар менен коштолбоосу керектигин баса белгиледи.

“Жапаров менен Ташиев тандеми күчтүү. Ушуга байланыштуу айрым саясатчылар өздөрүнүн максатын ишке ашырууну көздөп, тандемди алсыратуу үчүн Ташиевдин отставкасын талап кылышууда. Алар тандемдин бирин алуу менен бийликти бир кыйла алсыратарын жакшы түшүнүшөт. Ал эми саясий серепчи Казакпаев менен банкир Асанбаевдин өлүмү кырдаалды туруксуздандыруу үчүн жөн гана себеп. Бирок, чындыгында УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин ал экөөнүн өлүмүнө тиешеси жок. Анткени, УКМКда тергөө абагынын башчысы, анын орун басарлары, ошондой эле жооптуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер бар”, - деди ал.

Сөзүн улай саясий серепчи окуялардын толук хроникасын түзүп, кылдат иликтөө жүргүзүү зарыл экенин белгилейт.

“Башкы милдет – мындан ары эркинен ажыратуу жайларында мындай окуяларга жол бербөө. Кылдат иликтөө жургүзүп, ишин жөндөй албагандарды аныктоо керек. УКМКнын тергөө абагында туруктуу иштеген дарыгерлер жок, бул жагдайды да эске алуу керек. Бирок, биринчиден, бул каргашалуу окуялардын фонунда дайыма УКМКнын башчысы Ташиевди катуу айыптап, коомдогу туруксуздукка жол берилбеши керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий