• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 06.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын медалынын ээси болду. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап катышып, япониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде утуп алды. Мелдештин чейрек финалында кыргызстандык спортчу белорустук Вераника Иванованын далын жерге тийгизип, таза жеңишти камсыздаса, жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 эсебинде жеңди.

Тыныбекова финалдык беттеште америкалык Кайла Коллинди 7:0 эсебинде утуп алды.

Буга чейин аталган мелдеште эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло медалды багындырган.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстанда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында да алтын медаль багындырган.

Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий