• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматов тууралуу: Бишкекте өзгөчө көргөзмө өтүүдө (сүрөт-видео)

Маданият 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Бишкекте белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата көргөзмө өтүүдө.

Салтанаттуу иш-чаранын ачылышы бүгүн “Бишкек парк” соода борборунда өтүп, анда конокторго жана калаа тургундарына кызыктуу оюн-зооктор тартууланды.

Иш-чара белгилүү балерина Мария Наумованын назик бийи менен башталып, комуздун коштоосундагы музыка менен аяктады. Көрүүчүлөр кол чаап, коштоп турушту.

Уюштуруучулардын айтымында, концерттик программанын бардыгы жазуучуга жана анын чыгармачылыгына арналган. Көргөзмө 6-майга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий