• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айтматов жана экология – жазуучу өз чыгармалары аркылуу айлана-чөйрөдөгү көйгөйлөрдү көтөргөн

Коом 0

Чолпон-Ата, 06.10.18. /Кабар/. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов өз чыгармаларында экология көйгөйүн көтөргөн. Бул тууралуу III "Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары" эл аралык Ысык-Көл форумунун экинчи күнү “Кабар” агенттигине И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин профессору Абдыкерим Муратов билдирди.

Белгилей кетсек, форум үч секцияга бөлүнгөн, алардын бирөө “экологиялык чөйрө жана коопсуздук: “Биз бардыгыбыз бир кемедебиз” деген аталышта.

Профессордун айтуусу боюнча, бүгүнкү форумдун эң чоң темаларынын бири – бул экологияга байланышкан жагдай.

“Айтматов өз чыгармаларында экология темасын козгогон. Мисалга, “Ак кеме” чыгармасында ал айлана-чөйрөнү көрсөтөт. Дагы бир жөнөкөй мисал, ушул эле повестте ал Арал көлүндөгү балыктар тууралуу айтат. Андан тышкары, анын чыгармаларында төөлөрдү, түлкү, бугуну кезиктирүүгө болот. Бул алардын биримдигин көрсөтүп турат”, - деди ал.

Абдыкеримов кошумчалагандай, “Кош, Гүлсарыда” адамдын жылкы менен болгон күчтүү байланышы чагылдырылган.

“Эгерде жылкыны алып салса, анда адамдын образы толук болбой, тескерисинче болуп калмак. Албетте, Айтматов атом энергиясына каршы чыккан эмес, ал көбүнчөсү адамдын ички абалына көңүл бурган. Ал адамзатты сактап калуу үчүн айлана-чөйрөнү сактап калуу керектигин айткан. Айтматов адамдын айлана-чөйрө менен болгон ички абалын чагылдырган”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий