• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айыл чарба министрлиги 2018-жылдагы өзүнүн ишине жакшы деген баа берет

Коом 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги өткөн жылдагы өзүнүн ишин жакшы деңгээлде аткарылды деген пикирде. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында министрликтин статс-катчысы Максатбек Ташболотов билдирди.

Анын айтымында, дүң продукциясынын көрсөткүчтөрү жыл сайын өсүүдө.

"2016-2017-жылы биз айыл чарба тармагындагы ишти аткардык - айыл чарба тармагында дүң продукциясы менен 2,2%, 2018-жылы 2,7% же 203 млрд. сомго камсыздадык. Мунун баары мамлекеттин колдоосунун аркасы менен болду", - деди ал.

Ошондой эле ал 2001-жылдан тарта жыл сайын айыл чарбаны каржылоо боюнча долбоорлор иштелип чыгып, ишке ашырылып жатканын белгиледи. Учурда 6 бизнес-идея жүзөгө ашырылган.

"2018-жылдын жыйынтыгы менен 5 млрд. 6 млн. сомдук айыл чарба өндүрүшүндөгү 11 миң 300 товар, 6%дан 10%га чейинки жеңилдетилген насыялар берилген", - деди Ташболотов.

Андан тышкары, былтыр дыйкандарга 235 атайын техника берилген. Алардын оңдоого да акча бөлүнүүдө.

Пикир

Оставить комментарий