• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

«Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорунун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген насыялар бериле баштайт

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. «Айыл чарбасын каржылоо – 8» долбоорунун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген насыялар бериле баштайт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, долбоордун өзгөчөлүгү 11 айыл чарба продукциясына артыкчылык берилип, «Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү» тармагына пайыздык үстөк жылына 6% белгиленген.

«Дыйкандар насыяларды эки мамлекеттик жана үч коммерциялык банктардан ала алат», - дейт ал.

Керималиев маалымдагандай, насыялардын суммасы:

  1. «АЧК – Фермер»: 150 миң сомго чейин 18 айга чейинки мөөнөткө, күрөөсүз негизде каржылоо, 150 миң сомдон 400 миң сомго чейин 36 айга чейинки мөөнөткө.
  2. «АЧК – Кластер» – 400 миң сомдон 10 млн сомго чейин, 36 айга чейинки мөөнөткө;
  3. Тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына негизги каражаттарды сатып алууга – 1 млн сомдон 50 млн сомго чейин, 60 айга чейинки мөөнөткө жана жүгүртүү каражаттарына – 36 айга чейинки мөөнөткө берилет.

«Айыл чарбасын каржылоо - 8» долбоору кошумча нарк чынжырчасын жана айыл чарба класстерин киргизүү ыкмасын колдонгондорду жеңилдетилген шартта каржылоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий