• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Жусупов Вена Экономикалык форумунун башкы катчысы менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов Вена Экономикалык форумунун башкы катчысы Елена Кирчева менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу 2020-жылдын 6-мартында өттү. Анын жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигине кирген өлкөлөрдүн жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы инвестициалык мамиленин келечектүү планы, перспективалары талкууланды.

Үстүбүздөгү жылдын июль айында Кыргызстанда боло турган 1-Экономикалык ЕБ-БА форумуна Вена Экономикалык форумунун башкы катчысы Елена Кирчеванын катышуу мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө басым жасалды.

Маалымат үчүн: Вена Экономикалык форумунун негизги максаты (ВЭФ) – регионалдык экономикалык кызматташтыкка жардам көрсөтүү болуп эсептелет. ВЭФ 2004-жылы Чыгыш Европа өлкөлөрү үчүн Давосс форумунун өлчөмүндө (форматында) түзүлгөн. Азыркы учурда Форумга Вена Экономикалык форумунун мүчө-өлкөлөрү болгон - Албания, Босния жана Герцеговиния, Болгария, Хорватия, Косово, Түндүк Македония, Молдова, Черногория, Австрия, Румыния, Словения, Түркия жана Украина өлкөлөрүнүн ишкерлери активдүү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий