• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ирандан чыга албай жаткан кыргызстандык айдоочуларды элчиликтин кызматкерлери көрүп келди

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын Ирандагы элчилигинин кызматкерлери Ирандан чыга албай жаткан кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын көрүп келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, элчиликтин кызматкерлери жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына консулдук-укуктук көмөк көрсөтүү үчүн иран-түркмөн чек арасындагы "Серахс" менен "Лютфабад" көзөмөл-өткөрмө жайларына барышкан.

Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Түркмөнстан Иран менен болгон чек арасын жабып, Кыргызстандын жүк ташуучулары Ирандан чыга албай калган.

"Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Тегеран, Ашхабад жана Бакудагы элчиликтери бул маселени көзөмөлүнө алып, Ирандагы КР жарандары – жүк ташуучу унаалардын айдоочулары менен байланышта болууда", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий