• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ат-Башы районунун башчысы Сатаров Ак-Сай өрөөнүндөгү элдин абалынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 19.08.20. /Кабар/. Ак-Сайдагы малчылардын ден соолугунан кабар алынды. Бул тууралуу Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндө элдин ден соолугу, медициналык жардамдар кандай жүрүүдө, демөөрчүлөр тарабынан берилген жардамдар боюнча кабар алынды. Аталган өрөөндө коронавирус жана пневмония менен ооруган адамдар жок. Абал туруктуу.

Буга чейин район башчысы Нурбек Сатаров жана анын биринчи орун басары Максат Кадыркулов барып, Ак-Сайдагы эл менен жолугуп, көйгөйлөрүнө күбө болуп келишкен. Жашоочуларга азык-түлүк таратып, ал жактагы элдин саламаттыгы үчүн ачылган ФАПтын абалын жакшыртуу, оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн атайын керектүү каражаттар менен камсыз кылып беришкен. Учурда ал ФАПтын имараты оңдоп-түзөөдөн өтүп, бейтаптар үчүн ичинде 3 койка, ошондой эле 1 кычкылтек концентратору коюлган. Демөөрчүлөрдөн келген дары-дармектер берилген.

ФАПта фельдшер жана акушер медкызматкерлер иштейт. Район башчысы Нурбек Сатаров ал өрөөндөгү тез жардам кызматынын күйүүчү майы тартыш болуп жаткандыктан, бир жылдык күйүүчү майын жеринен чечип келген.

Андан сырткары, бул аймакта атайын малчылар үчүн ветеринардык кызматы ачылды.

Пикир

Оставить комментарий