• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Арсенал" рейди. Ак-Сууда 13 жаран  өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарын тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 29.04.23./Кабар/. Ак-Суу районундагы "Арсенал" рейди учурунда 13 жаран өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарын тапшырды.

Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришкендей, рейд 10 күнгө созулуп, анын алкагында 98 ышкыбоз мергенчи, уруксат берүү системасынын 3 объектиси текшерилди.

Иш-чара курал-жарак, жардыргыч заттарды жана жардыргыч шаймандарды мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо, ок атуучу курал колдонуу менен жасалган кылмыштардын бетин ачуу максатында өткөрүлдү.

Рейддин жыйынтыгында 22 жаранга карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 133-беренесинин (Ок атуучу, газ, пневматикалык, ыргытма жана электрдик куралын, же болбосо алардын атуучу ок-дарыларын сактоо жана ташуу эрежелерин бузуу) негизинде протоколдор түзүлдү. Он үч жаран өз ыктыярлары менен ок атуучу куралдарын тапшырып беришти.

Пикир

Оставить комментарий