• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Сууда чиновник ИИМ кызматкерине 320 миң сом пара берүүгө аракет кылган

Укук тартиби 0


Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыктын кызматкери пара берүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгында коррупциялык фактылар аныкталды.

Тергөө тапшырмасынын негизинде зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн Ысык-Көл облусуна ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчилеринин бири аныкталган бузууларды жашыруу максатында андан ары текшерүүнү токтотуу үчүн ИИМдин кызматкерине ири өлчөмдө акча каражатын пара катары сунуштаган.

Чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси “Пара берүү” менен кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 24-ноябрь күнү Ак-Суу райондук ветеринардык башкармалыгында жетекчилик кызматты ээлеген жаран Ш.А. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерине 320 миң сомду пара түрүндө берген учурунда кармалган.

Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Пикир

Оставить комментарий